АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!

Ош технологиялык университетинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи болуп, артыкчылык менен аяктаган студенттер сыйланды. Салтанаттуу кече Энергетика факультети тарабынан уюштурулуп,  аземге факультеттин жетекчилиги, окутуучулары, студенттери жана бүтүрүүчүлөрү активдүү катышышты. Кечеде факультеттин  деканы Токоев  Маматөмүр  Пирматович бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктоо менен аларга ак жол тилеп, окуу жайыбыздын мыкты бүтүрүүчүлөрү катары өлкөнүн баардык аймактарында ОшТУнун атын бийик чыгарып, алган кесиби менен иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ак кызмат өтөй беришине тилектештигин билдирди. Ошондой эле факультеттин жетекчилиги өз каалоо-тилектерин билдиришип, мыкты бүтүрүүчүлөргө ардак грамота, алкыш баракчаларды тапшырды.