Студенттик театр тарабынан сахнада “Улуу тоолордогу махабат баяны” драмасы коюлду

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтундагы С. Жигитов атындагы адабий ийримдин мүчөсү, “Педагогика жана тил илимдери” кафедрасынын окутуучусу, акын жана драматург Тургунбай Тагаевдин таза махабатты, ак сүйүүнү, акылмандыкты, эмгекчилдикти, эрдикти даңазалаган “Улуу тоолордогу махабат баяны” аттуу бир көшөгөлүү драмасын студенттик театрдын мүчөлөрү ата-энелерге, студенттерге тартуулашты.

Окуу жайдагы студенттик театр 2017-жылдан бери иштеп келе жатат.