ОшТУда Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын кыргыз тили жана адабиятынын окутуучусу Жумабекова Бактыгүл ИиВТ-1 тайпасына  Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Совет доорундагы көркөм чыгарманын аксиологиялык сапатын аныктоонун классификалык үлгүсү – Чыңгыз Айтматов” – деген темада  сахна-сабак өттү. Студенттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир катар чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүү менен биргеликте чыгармаларынан монолог жана кыргыз элине тараган ырларынан сахналаштырып, андагы каармандардын образдарын чагылдырып беришти. Аталган иш-чаранын максаты студенттердин китепке болгон кызыгуусун арттыруу, жазуучунун чыгармаларын даңктоо менен жазуучунун кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка кошкон чоң салымын урматтоо болуп саналат.