ОшТУ спорттон алдыда

Ош облустук билим берүү  жана илим  кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун спартакиадасы өткөрүлүп, спорттук  мелдешке  район, шаар жана жогорку  окуу жайларынан командалар катышты. Алар спорттун волейбол, мини футбол, ордо, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол  сыяктуу түрлөрү менен  мелдешишти. Аталган мелдеште ОшТУнун намысын окуу жайдын спорттук курама командалары коргоп, жыйынтыгында ОшТУ экинчи орунду камсыз кылды. Куттуктайбыз!