ОшТУ пандемиядан жана кыргыз-тажик чек арасында каза болгон маркумдарды эскерди

Ыйык орозо айында Ош технологиялык университетинде орозо кармаган окутуучуларга, кызматкерлерге окуу жайдын администрациясы ооз ачар уюштурду. Окуу жайда дасторкон жайылып, коронавирус пандемиясына чейин жана пандемия учурунда каза болгон агай-эжекелер эскерилип, муну менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан көз жумган маркумдардын рухтарына багыштап куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элибиздин амандыгы үчүн дуба кылынды.
Өткөндөрдү эскерүү иш-чарасына университеттин 300дөй кызматкери катышты.