ОшТУ Баткен эли менен бирге!

Ош технологиялык университетинин “Бизнести башкаруу жана социалдык иш” кафедрасынын жамааты Баткен элине жардам берүү жана кол сунуу максатында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган үйбүлөлөрдүн балдарын эс алуу багына алып барып, ойнотуу менен бирге балдардын физикалык жана психикалык ден-соолугуна пайдалуу иштерди аткарып келишти. ОшТУ Баткен эли менен бирге!