Идирис Айтибаев ОшТУнун студенттери менен жолугушту

Ош технологиялык университетинде учурдагы коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жаштарды жакшы билим алып, келечекте өз кесибинин мыкты адиси болууга үндөө максатында Экономика жана башкаруу факультети тарабынан демилгеленип, окуу жайдын студенттерине семинар өткөрүлдү. Жолугушууга республикага аты таанылган белгилүү акын Идирис Айтибаев катышып, студенттерге тарбиялык маанидеги ар кандай маалыматтарды айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин суроолоруна жооп берип, эркин формадагы маектешүү жүргүзүлдү.

Университеттин жетекчилиги бул багыттагы жолугушуулар, тарбиялык иш-чаралар мындан кийин да улантыларын белгилешти.