Россиядагы жаштардын Евразиялык экономикалык форумуна ОшТУнун өкүлдөрү катышып келди

20-21-апрель күндөрү Екатеринбург шаарында өткөн “Россия жана Дүйнөнүн Региондору: Идеяларды камтыган мүмкүнчүлүктөрдүн экономикасы” аттуу XI Евразиялык экономикалык жаштардын форумуна Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катарында Ош технологиялык университетинен сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович жана эксперттер Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, ф-м.и.к., профессор Артыков Аамат Жакышович, “Экономика жана финансы” кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Зикираев Марат Тологонович, ОшТУнун координатору, э.и.к., доцент Усанова Жамила Умаровна жана э.и.к., доцент Маметова Гүлназ Абдыкеримовна, э.и.к., доцент Умаров Сайбиддин Тойчуевич катышып келишти.
Форумдун ачылыш аземине жана пленардык сессиясына ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Форумдун алкагында тематикалык конгресстер, илимий сынактар, орусиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы адистердин ачык лекциялары өткөрүлдү.
Форумдун жүрүшүндө ОшТУнун делегациясы Урал Мамлекеттик Экономикалык Университетинин жетекчилигинин кабыл алуусунда болуп, эл аралык мамилелер бөлүмү менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүп, эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Асылзат Эргешова