ОшТУнун эмгек жамааты Баткен элине бир күндүк айлык маяналарын бөлүп берди

Бүгүн 2021-жылдын 30-апрель күнү Ош технологиялык университетинин административдик кеңешинин кезексиз жыйыны уюштурулуп, Баткен элине жардам берүү жана кол сунуу маселеси каралды. Жыйынтыгында 28-29-апрель күндөрү чек ара чырынан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн, окуу жайдагы  эмгек жамааттын бир күндүк айлык маяналарын  которуп берүү чечими кабыл алынды. Ош технологиялык университетинин жетекчилиги жана эмгек жамааты, Баткен эли менен бирге.