ОшТУда тегерек стол болуп өттү

Ош технологиялык университетинде англис тили жумалыгынын алкагында “Онлайн окутуунун жана окуунун  жетишкендиктери жана көйгөйлөрү”, “Пандемиянын жашообузга жана билим алууга тийгизген таасирлери” аттуу темада ачык талкуу болуп өттү. Тегерек стол Чет тилдери кафедрасы тарабынан уюштурулуп, талкууга окуу жайдын жетекчилиги, кафедранын жалпы жамааты жана студенттери катышып, өздөрүнүн ойлорун ортого коюшту. Иш-чаранын жүрүшүндө Акимжан кызы Мээрим “Онлайн тести түзүү жана эффективдүү колдонуу” деген темада баяндама жасады.