ОшТУда “Тазалык” акциясы болуп өттү

Ош технологиялык университетинин “Студенттик акыйкатчы” аппараты “Тазалык университет үчүн, университет биз үчүн!” урааны менен окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты. Ар бирибиз тазалык үчүн жооптуу экенибизди унутпай, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегенге аракет кылуубуз зарыл –дейт акциянын катышуучулары.