ОшТУда спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттеринин ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти факультеттин деканы Жорокулов Дуйшеналы оюнду ачып берип, студенттерге ийгиликтерди каалады.
Аталган иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулуп, спорттук мелдешке факультеттин балдар жана кыздар курама командасы катышты. Жыйынтыгында кыздар арасында 1-орунду ИКТ тайпасы, 2-орунду ИКТ-19 тайпасы, 3-орунду ДО-19 тайпасы камсыз кылса, ал эми “Мыкты чабуулчу” деп Анарбек кызы Айзат табылды. Балдар арсында 1-орунду ЗЧС-19 тайпасы, 2-орунду ГСПМ-18 тайпасы, 3-орунду ЗЧС-18 тайпасы камсыз кылса, ал эми “Мыкты чабуулчу” деп Абдыкалык уулу Кылым табылды.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.

Асылзат Эргешова