ОшТУнун студенттери статистика башкармалыгынын иши менен таанышып келишти

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин “Математика жана статистика” кафедрасынын Статистика адистигинин студенттери практика менен теориялык билимди айкалыштыруу максатында Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгына жана Ош облустук мамлекеттик статистика башкармалыгына барып, ишмердүүлүгү менен кенен таанышып келишти. Студенттерге окуу-өндүрүштүк практиканы өткөрүү маселеси каралды.