ОшТУда спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин биринчилигине арналган студенттердин ортосунда спорттун тогуз коргоол, шахмат түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Аталган иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоо, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой-жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулуп, спорттук мелдешке факультеттин балдар жана кыздар курама командасы катышты.
Шахмат боюнча:
1-орун Топчубаев Максатали Абдулвохобович ЗЧС-18 тайпасы
2- орун Садыбакасова Гулумкан Аскаралиевна ТШИ-18 тайпасы
3-орун Шамшиев Сыймык ЗЧС-19 тайпасы
Тогуз коргол боюнча: 
1-орун  Закиров Майсал Курсаналиевич ГСПМ-18 тайпасы
2-орун Жаркынов Рамазан Абдиламатович ГСПМ-19 тайпасы
3-орун Мамазакиров Кабылбек Камчыбекович ГСПМ-19 тайпасы
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.