ОшТУда коронавируска каршы массалык эмдөө башталды

Бүгүн, Ош технологиялык университетинде коронавирус инфекциясына каршы массалык түрдө эмдөө башталды. Алгач COVID-19га каршы вакцина тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы  кызматкерлери эмдөөдөн акысыз өтүштү. Ошондой эле профилактикалык эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар адамдардан башкасынын баарына уруксат берилип, эмдөөнүн алдында милдеттүү медициналык текшерүү жүргүзүлүүдө.