ОшТУ Урал федералдык университети менен келишиим түздү

Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович, Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, ф-м.и.к., профессор Артыков Аамат Жакышович, “Экономика жана финансы” кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Зикираев Марат Тологонович, ОшТУнун координатору, э.и.к., доцент Усанова Жамила Умаровна жана э.и.к., доцент Маметова Гүлназ Абдыкеримовна, э.и.к., доцент Умаров Сайбиддин Тойчуевич Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетине атайын иш-сапар барып келишти. Иш-сапардын жүрүшүндө Эл аралык байланыштар жана окуу иштери боюнча проректору менен жолугушуп, аталган  окуу жай менен кызматташуунун жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.

Асылзат Эргешова