МУУНДАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ: ДИЛ МАЕК

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда өмүр бою педагогикалык кесипти аркалаган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери – Абдимиталип Бакиров жана Абдыманап Мамасейитовдардын катышуусунда “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин студенттерине “Ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмүн ачууда, жаратман эмгекти сүйүүгө, ыймандуулукка тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу” деген темада дил маек өткөрүштү.
Иш чаранын жүрүшүндө студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришип, соңунда жыйынтык чыгарып жатып А.Бакиров “Биздин жолубузду уланта турган педагогдук кесипти чын дилден сүйгөн билимдүү, изденгич, күжүрмөн жаштардын өсүп жатканын көрүп биздин эмгек текке кетпептир, мугалимдик кесипти улантуучу жаштар бар экен, эстафета ишенимдүү колдо экенин, биз ыраазыбыз силерге…” – деп айтса, А.Мамасейитов “…Мугалим болгула. Чыныгы мугалимдин жүрөгү кенен, адамдык сапаттары бийик, жан дүйнөсү океандай кенен болот…” деп сөздөрүн аякташты.