Гуманитардык-технологиялык колледжде дебат өткөрүлдү

 Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде адистиктер аралык дебат өткөрүлдү. Дебат колледждин Жаштар комитети тарабынан студенттердин конституциялык, академиялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу, студенттердин  оратордук  сөз  чеберчилигин  өстүрүү, сапаттуу билим алууга багыттоо, парламенттик дебатты ойноого үйрөтүү жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду. Аталган иш чарага жалпысынан он эки команда катышып, 3 команда жеңишке жетишти.

Биринчи орунду – «Легенда» командасы

Экинчи орунду – «За победу» командасы

Үчүнчү  орунду – «KG lion» командасы камсыз кылышып, «Мыкты оратор» номинациясы менен Калдарова Мээрим, «Мыкты өкмөт башчы» номинациясы менен Каримова Аида, «Мыкты оппозиция башчы» номинациясы менен Сыдыкова Анара сыйланды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектер  менен  сыйланышты.


Асылзат Эргешова