Өнөктөштөр менен тегерек стол өткөрүлдү

ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Эмгек рыногунун кызматтарынын сапатын жакшыртууда Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун ”GIZ” программасы менен бирдикте “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” программасы боюнча буга чейин аткарылган жана 2023-жылга чейин жаштарды кесиптик багыттоо тутумун өнүктүрүү жаатында алдыда аткарыла турган иштер туурасында өнөктөштөр ортосунда мазмундуу тегерек стол болуп өттү.

Маалымат үчүн: 2020-жылы бул өнөктөштөр 8 тараптуу меморандум (Германиянын эл аралык кызматташтык коому, Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү, Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, “Аталык-Өзгөн” жоопкерчилиги чектелген коому, Т.Каримов атын. “Өзгөн Дан-Азык” акционердик коому, №62 кесиптик лицей жана ОшТУнун Өзгөн институту) түзүлүп, өз ара кызматташуу боюнча кол коюлган.