Жатаканадагы студенттерибиздин жашоосу

Ош технологиялык университетинин ыктыярчы студенттери (“Ыктыярчы ОшТУ” тобу”) ОшТУнун студенттер үйүндө жашаган студенттердин тазалыгын , тарбиясын жана окууга болгон көз карашын билүү үчүн барып келишти. Жатаканадагы студенттерибиздин тазалыктарына жана мыкты жашоосуна баа беришип, ошол менен бирге кемчиликтерин айтып, кеңеш берип, тез-тез келип чогулуш өтүп турууну айтышты.

Эскерте кетсек, ОшТУнун студенттер үйү 105-сериядагы атайын бардык шарттары менен 84-батирлүү 327-орунга ылайыкталып үй тибинде курулган. Студентер үчүн жатаканада окуу, жашоо жана эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн. Жатакана азыркы замандын талабына толук жооп берет. Жатакананын 1 подъезди капиталдык ремонттон толугу менен өттү.