Студенттерге онлайн түрүндө конок лекциялар өтүлүүдө

Ош технологиялык университетинин “Физика жана энергетикалык машина куруу” кафедрасында машина куруу адистигинде окуган студенттери үчүн Фольксваген фондунун эксперти (Германия), Саксония-Анхальт университетинин профессору, Клаусталь техникалык университетинин Россия, Кавказ  жана Борбордк Азия мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу өкүлү техника илимдеринин доктору Рыспаев Талант Акимжанович “Германиядагы жогорку билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана машина куруу тармагынын өнүгүү этаптары” аттуу темада онлайн конок лекция өттү.

Лекцияга кафедранын окутуучулары, МС-19 жана МС-20 тайпаларынын студенттери катышып, кызуу талкуу жүрдү.  Ошондой эле окутуучулардын Германиядагы аталган университеттерден стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү жана студенттердин Германия мамлекетине барып окуу шарттары талкууланды.