ОшТУнун студенти самбо боюнча чемпион болду

Чүй облусунун Токмок шаарында, Жаштар спорт мектебинин спорт залында өспүрүмдөр арасында самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Мелдеште Ош технологиялык университетинин Энергетика факультетинин ЭОиЭТ-20 тайпасынын студенти Адил уулу Алымбек 98 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жыйынтыгында жеңишти багындырып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.