ОшТУда Конфуций институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Конфуций институтунун директорлору Лю Вей Чиен жана Айтикеев Токтосун Кеңешбекович баш болгон өкүлдөрү Ош технологиялык университетине келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Келген өкүлдөр Конфуций  борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Жолугушууда бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү. Мындан ары да эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде билим берүү программасын өнүктүрүүнү күчөтүү максатындагы бир нече маселелер айтылды.

Эскерте кетсек, 2013-жылдан бери Кытайдын волонтерлору келишимдин  негизинде  келип, студенттерге тил үйрөтүп келишет.