“Нооруз” – жаңылануунун майрамын утурлап…

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда жаңылануунун, аруулуктун “Нооруз” майрамы – сүмөлөк кайнатуу, боорсок жана челпек бышыруу менен башталды. Майрамдык маанай студенттер үчүн уюштурулган спорттук иш чаралар менен коштолуп уланып жатат.

Бул сапар сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүүнү “Экономика” кафедрасынын окутуучулары колго алышты.