ОшТУнун студенти Бурана-2021 эл аралык мода жумалыгында эн жаш дизайнер аталды

URANA Fashion week-2021 мода жумалыгы Кыргызстанда төрт ирет өттү. Бул эл аралык жана ата мекендик дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөрдүн катышуусу менен өткөн Кыргызстандагы мода тармагындагы эң ири маданий иш чара облуп саналат. Уюштуруучулары НИСА коомдук фонду жана Подиум Кыргызстан мода журналы.
Иш чаранын максаты – Кыргызстандын мода индустриясын, жеңил өнөр жайын жана костюм искусствосун колдоп, алдыга жылдыруу.
Гуманитардык-технологиялык колледждин “Кийимдин дизайны жана технологиясы” кафедрасы экинчи жолу катышты.

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин КМТШИ-19(9) тайпасынын студенти Субанова Карлыгач Бурана-2021 эл аралык мода жумалыгында Кыргызстандагы колледждерден жалгыз жана катышуучулардын арасынан эң жаш дизайнер болду.
Мода жумалыгына Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Дубай өлкөлөрүнүн дизайнерлери катышты.