Китепкөй окурмандар үчүн “Китеп жарманкеси”…

Бүгүн Ош технологиялык университетинде “Китеп жарманкеси” өтүп жатат. Бул саамалык “Китепкөй ОшТУ” аттуу долбоорунун  алкагында окуу жайдын “Ыктыярчылар” тобу жана “Студенттик акыйкатчы” аппараты тарабынан уюштурулууда. Анын негизинде жараманкеге жайылган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон бир топ жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Китепкөй адистер менен бирге окурман студенттердин катарын кеңейтүү жана акылга азык, билимге шериктеш болуучу китептерди сунуштоо максатында өткөрүлүп жаткан бул иш чара бүгүн кечки саат 16:00 убактысына чейин уланат.
Көптөгөн китептер бүгүн өз окурмандарын табууда…