Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” белгиленди

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” белгиленди. Майрамдык иш чара окуу жайдын “Тил илимдери” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.

Улуттардын достугун бекемдөөгө багытталган иш чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарын чагылдырышып, ар улуттун маданияты, каада-салты, үрп-адаттары, көркөм ырларды окуу жана элдик ырлар, бийлер тартууланып көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрам жогорку деңгээлде өттү.