СЫЙЛЫК-СЫЙМЫК!

Ош технологиялык университетинин мугалимдери сыйлыкка татыктуу болушту. Даанышман, эмгекчил, камкор, акылдуу, намыскөй, патриот инсан. Коомго өзүнүн болгон күч аракетин жумшап, келечектеги жааш мундар үчүн талыкпай билим берип, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон, келечектеги жаш муундар үчүн үлгү болушуп ар дайым акыл насааттарын айтып иш жүзүндө далилдеп жатышкан инсандарыбыз Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына кошкон бараандуу салымы үчүн Токтомаматова Замира Токтомаматовна жана Тешебаева Зулумкан Абдыманаповна  “Даанышмандар жана жигердүүлөрдү колдоо коомдук бирикмелеринин ассоциациясы” Юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан “Мыкты мугалим” төш белгиси менен сыйланышты.