ОшТУда волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде салтка айланып калган профессордук-окутуучулар курамынын арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке окуу жайдын окутуучулары катышып, кызыктуу таймаштарды тартуулашты. Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет.

Жыйынтыгында гуманитардык-технологиялык колледжинин жетекчилиги тарабынан  жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. 1-орунду “Алга” командасы, 2-орунду “Үмүт” командасы, ал эми 3-орунду “Карлыгач” командасы камсыз кылышты.