ОшТУда эл аралык семинар болуп өттү

“Борбордук Азиядагы билим берүү сапатын өркүндөтүү” аталышындагы GIZ эл аралык долбоордун алкагында Ош технологиялык университетинин “Айыл-чарба  азыктарын кайра иштетүү технологиясы” кафедрасынын окутуучулар жамааты эл аралык онлайн семинарга катышты. Аталган иш-чарага долбоордун эксперттери – профессорлор Михаэль Цебиш жана Гудрун Гаммаш, координатор Марина Калина катышып, 740100 –“Өсүмдүктөрдөн жасалуучу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү” багыты боюнча эл аралык аккредитациядан өтүү  үчүн (Болон процесси) окуу планындагы модулдарды иштеп чыгуу жана өзгөртүү  маселелери боюнча талкуу болду.