ОшТУда бильярддын чемпиондору аныкталды

Ош технологиялык университетинде салтка айланып калган профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин ортосунда бильярд боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке жалпысынан 30дан ашуун окутуучу-профессорлор катышып, кызыктуу таймаштарды тартуулашты. Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет дейт уюштуруучулар.

Жыйынтыгында ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан  жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

1-орунду академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун дене тарбия окутуучусу Кубатали уулу Кубанычбек, 2-орунду Информатика” кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек Жунусович, ал эми 3-орунду Гуманитардык-технологиялык колледжинин  “Экономика”  кафедрасынын башчысы Баатыров Залкарбек Карабаевич камсыз кылышты.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.