ОшТУда мугалимдерге семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин Дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу Юсупов Данияр тарабынан уюштурулган “Студенттердин жеке гигиенасы жана кийинүү адеби” деген темада  семинар болуп өттү. Аталган семинарда Дене тарбия кафедрасынын жетишкендиктери тууралуу маалымат берилип, гигиенанын негизги максаттары, ролу жана  дене тарбия сабагындагы коопсуздук,  медициналык биринчи жардам тууралуу талкуу болду.