ОшТУда эссе конкурсу өткөрүлдү

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин  Экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан мектеп окуучулары  арасында «Жашыл экономика – жаш муундун келечеги жана өлкөнүн өнүгүшү» аттуу темада  эссе конкурсу өткөрүлүп, конкурска 20дан ашуун мектеп катышты. Жалпысынан 60тан ашуун эссе түшүп, жыйынтыгында №42 С.Ашимов орто мектебинин окуучусу Камилбекова  Мээрим биринчи орунду, Жусуп Мамыр орто мектебинин окуучусу Бейшенбек кызы Гүлайым экинчи орунду ал эми №3 Токтогул орто мектебинин окуучусу Эмилов Шерболот үчүнчү орунду камсыз кылышты. Байгелүү  орундарды камсыз кылган окуучуларга уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.