Академик Б. Мурзубраимовдун 80 жаш мааракеси Өзгөн шаарында белгиленди

17-декабрь күнү ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда академик Б.Мурзубраимовдун 80 жаш мааракесине карата “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү шартында химия, химиялык технология, айыл чарбасынын, экологиянын жана гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн режиминде конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Тажикстандан, Туркиядан, Ирандан, Малайзиядан илимпоз окумуштуулар катышып, илимий табылгаларын бөлүшүп, кызыктуу баяндамаларын жасашты.
Айрыкча, чет өлкөлүк илимпоздордун академик Б.Мурзубраимовду 80 жаш мааракеси менен куттуктоолору өзгөчө кызыгууларды жаратты.
Конференциядагы баяндамалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жасалды.