ОшТУда Илим күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө арналган “Илим. Технологиялар. Инновациялар” аттуу салтанаттуу иш-чарасы онлайн режиминде өткөрүлдү. Аталган иш-чара ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, пленардык илимий баяндамалар окулду.

Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө
карата Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы жетишкендиктери жана илимий ачылыштардын турмушта колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатууга кошкон бараандуу салымдары үчүн окуу жайдын алдыңкы кызматкерлери Финансы министрлигинин, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана ОшТУнун ардак грамоталары менен сыйланышты.