ОшТУда 1-курстардын “Тушоо кесүү” аземи онлайн режиминде болуп өттү

Ош технологиялык университетинде Экономика жана башкаруу факультетинин күнүнө карата күндүзгү окуу бөлүмүндөгү 1-курстун студенттерине “Тушоо кесүү” майрамы аралыктан өткөрүлдү. Аталган иш-чара ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидовдун куттуктоо сөзү менен башталып, факультеттин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышышты. Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө студенттерге студенттик билет, окурмандык билет, зачеттук китепче тапшырылды.