Узенбаев Расул Аширбековичтин жаркын элесине арналган эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция өткөрүлдү

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде белгилүү окумуштуу бухгалтер, экономика илимдеринин доктору, профессор Узенбаев Расул Аширбековичтин 60 жылдыгына арналган “Санариптештирүү контекстиндеги бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудиттин абалы: көйгөйлөр жана өнүгүүнүн келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясы өттү.

Конференциянын уюштуруучулары – Ош технологиялык университети, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бухгалтерлеринин жана аудиторлорунун Ысык-Көл форуму, Ош мамлекеттик университети. Улуу окумуштуу-бухгалтер, ОшТУнун “Бухгалтердик эсеп жана автоматика” кафедрасынын негиздөөчүсү жана мурдагы башчысы Р.А.Узенбаевдин элесине арналган салтанатка Россиядан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн: Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринен белгилүү окумуштуулар, жаш аспиранттар, магистранттар, докторанттар, ЖОЖдордун ректорлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясынын жана Мамлекеттик Финансылык Көзөмөл кызматынын төрагасы, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери, туугандары жана анын үй-бүлөсү катышты.

Окуу жайда Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын базасында атайын кеңсе жана экономика илимдеринин доктору, профессор Р.Узенбаев атындагы инновациялык изилдөө борбору ачылып, эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясынын журналы жарык көрдү.