Студенттердин ата-энелери окуу жай менен аралыктан таанышты

Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин жетекчилиги жана окутуучулары факультеттин  күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен аралыктан жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин деканы Артыков  Аамат Жакышович факультеттин тарыхы, курамы, аралыктан окуу процессинин жүрүшү жана көйгөйлөрү,  материалдык – техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берди. Трансляциянын жүрүшүндө ата-энелер менен эркин пикир алышуу болуп, виртуалдык түрдө окуу жай менен таанышышты. Иш-чара Zoom программасында жана  https://www.instagram.com/oshtu/?hl=ru,  www.facebook.com/pressaoshtu.kg  баракчаларында трансляциялоо аркылуу өттү.