ОШТУДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош технологиялык университетинде мугалимдер майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага  окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жамааты катышты. Алгач салтанаттуу жыйындын ачылышында ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов сѳз сүйлѳп, мугалимдердин жасаган эмгектери бүгүнкү күндѳгү коомду кыймылдаткан бардык күчтѳргѳ тиешелүү экендигин, бул кесип ары татаал, ары кызыктуу, түйшүктүү кесип болсо да кесиптештер жаштарга татыктуу тарбия, тереӊ инженердик-технологиялык билим берип жаткандыгын белгилеп ѳттү. Билим берүүдѳ татыктуу эмгектенген алдыӊкы мугалимдерге окуу жайдын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды..

Ош облустук билим илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин Ардак грамотасы менен Нармырзаев Артур жана Мамадалиев Мирлан сыйланды. ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан мугалимдерге баалуу белектер ыйгарылды.