ОшТУ Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университети менен кызматташууда

М.М. Адышев атындагы Ош  технологиялык университетинде Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университети менен университеттер аралык  түзүлгөн  келишимдин негизинде жогорку математика сабагы боюнча виртуалдык онлайн сабак өтүү жолдору талкууланып, макулдашылды. Вебинарга Д.Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университетинин ректорунун жардамчысы  Киреев Олег Леонидович Ош технологиялык университетинин  сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор  Урмат Аттокуров, «Колдонмо математика» кафедрасынын башчысы Айжаркын Аширбаева, «Колдонмо математика» кафедрасынын доценти Гулмира  Сапарова катышты. Ошондой эле түзүлгөн келишимдин негизинде 2+2 программасын ишке ашыруу иштери каралууда. Мындан ары  да Ош технологиялык университети аталган окуу жай  менен терең кызматташмакчы.