Орус-Кыргыз техникалык университеттеринин консорциумунун VIII жалпы жыйыны болуп өттү

Ош технологиялык университети орус-кыргыз техникалык университеттердин консорциумунун онлайн форумуна катышты. Жолугушуу катчылыктын кызматкерлери тарабынан жана КМТУнун атынан уюштурулуп, онлайн режиминде өткөрүлдү.Бүгүнкү күндө консорциумдун курамына Кыргызстандын 8 алдыңкы жана Россиянын 30 жогорку окуу жайлары кирет. Кезектеги Жалпы чогулуштагы программага ылайык, өткөн жылдагы иштин жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле, заманбап шарттарда биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу практикасы, Россия менен Кыргызстандын өнөктөш университеттеринин кызматташуу тажрыйбасы сыяктуу иш-аракеттердин актуалдуу маселелери баса белгиленди.            Ошондой эле, “Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер” VI Эл аралык илимий-техникалык конференциясынын пленардык жыйыны болуп өттү. Мурда маалымдалгандай, секциялык сессиялар ушул жылдын 15-мартынан 25-майына чейин онлайн режиминде болгон.