ОшТУ Билим күнүн он-лайн режиминде белгиледи

Ош технологиялык университетинде жаңы окуу жылы он-лайн форматта башталып, 1-сентябрь — Билим күнү онлайн түрүндө Zoom программасы аркылуу өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чараны ОшТУнун ректору-т.и.д., профессор Абидов Абдыкадыр Омарович ачып берди. Иш-чарага университететтин  жетекчилиги, окутуучулар,  студенттер жана алардын  ата-энелери  катышты. Трансляциянын жүрүшүндө студенттерге ОшТУнун материалдык – техникалык базасы тууралуу кеңири маалымат берилип, виртуалдык түрдө окуу жай менен таанышышты.

Иш-чара Zoom программасында жана https://www.instagram.com/oshtu/?hl=ruwww.facebook.com/pressaoshtu.kg  баракчаларында трансляциялоо аркылуу өттү.