ОшТУ «StartUP Кыргызстан» республикалык сынагынын жеңүүчүсү болду

Кыргызпатент «StartUP Кыргызстан» республикалык сынагын жарыялап, Кыргызстандын жаңы ишин баштап жаткан стартапчыларга өз эшигин ачкан. Алгачкы этапта, сынактык комиссияга келип түшкөн 320 өтүнмөнүн ичинен 30 долбоорду акселерациялык программадан өтүү үчүн тандап алган. Анын ичинен Ош технологиялык университетинин 2 долбоору финалга чыгып, чоң ийгиликти жаратты. Финалистердин долбоорлорун Грузия, Россия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрүнүн эл аралык эксперттери, бизнес жана донордук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу баалашып, сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлашты.