ОшТУда иш берүүчүлөр менен ачык талкуу болуп өттү

Ош технологиялык университетинде Экономика жана башкаруу факультетинин “Экономика жана финансы” кафедрасы тарабынан экономика багытындагы (Финансы жана кредит профили) адистер үчүн түзүлгөн окуу планынын мазмуну боюнча ачык талкуу (онлайн-вебинар) болуп өтту. Ачык талкуунун (онлайн-вебинар) негизги максаты адистиктердин окуу планындагы математикалык, профилдик жана кесиптик компетенцияларынын калыптануусун жана кемчиликтерин иш берүүчүлөр, эксперттердин жана тейлөөчү кафедралардын катышуусунда талдоо болуп саналат.
Бул маселеде кафедра башчысы э.и.к., доцент Марат Зикираев аналитикалык баяндама жасады. Онлайн-вебинарды ОшТУнун ректору, т.и.д., профессор А.О.Абидов ачып, талкууга ОшТУнун структуралык жетекчилери, тейлөөчү кафедралар жана иш берүүчүлөр катышып, өздөрүнүн ойлорун ортого коюшту.
Онлайн-вебинарга төмөнкү иш берүүчүлөр – көз карандысыз эксперттер, коомдук ишмерлер катышышты:
1. Сыдыков Жумаш Токобекович – КРУБтун Ош областык башкармалыгынын башчысы;
2. Курманбаев Мирбек Абдыкадырович – “Бай-Түшүм” ААКнун Оштогу филиалынын директору;
3. Абдуллаев Куттубек Абдыбакыевич – Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы;
4. Сраждинов Кубанычбек Абдыкадырович – КРнын Финансы Министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын чыгымдар бөлүмүнүн башчысы;
5. Тойчиев Чыныбек Абдималикович – “РСК” ААКнун Оштогу филиалынын директору;
6. Нуралиев Руслан Аманалиевич – “КБ Кыргызстан” ААКнун клиенттерди тартуу боюнча башкы менеджери;
7. Жолдошев Өмүрбек Шарабидинович – IT технологиясы боюнча башкы адис, ЖЧК “Кыргыз Унаа Курулуш” машина куруу заводунун жетекчиси;
Жогорудагы аты аталган иш берүүчүлөр азыркы замандын талабына жооп берген адистердин тартыштыгын айтып, керектүү дисциплиналарды окуу планына киргизүүнү сунушташты. Онлайн-вебинарда катышуучулар тарабынан ар түрдүү ой-пикирлер айтылып, кеңири талкууланды. Жыйынтыгында, баардык айтылган баяндардын жана сунуштардын негизинде токтом кабыл алынып, тийиштүү структураларга өзгөртүүлөрдү кийирүү боюнча милдеттер тагылды.