ОшТУда “Жаш дизайнер -2020” конкурсу уюштурулду

Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин “Жеңил өнөр жайынын технологиясы» кафедрасында 27. 05.2020- 28. 05. 2020 студенттердин илимий изилдөө онлайн конференциясы болуп өттү. Бул конференцияда «Костюмдун дизайны» багыты боюнча кийимдин коллекциялары «Этно – микс», «Шаардык стиль» жана «Виртуалдык жашоо»; «Кол өнөрчүлүк жана графикалык дизайны» багыты боюнча даяр материалдарды «Саркеч иллюстрациясы», «Бүгүнкү экология» жана «Кол өнөрчүлүк дизайн» номинациялар боюнча иш алып барылды.
Бул конференцияга Ош технологиялык университетинин “Жеңил өнөр жайынын технологиясы” кафедрасынын студенттери, ошондой эле И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери , Ош Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери , Ош мамлекеттик университетинин студенттери жана Ж Атабаев, № 20 Насыров атындагы Ош шаарынын мектеп окуучулары өздөрүнүн чыгармачылык иштерин көргөзүп, татыкту орундарга ээ болушту.
“Жаш дизайнер -2020” конкурсунун жеңүүчүлөрү ОшТУнун жетекчилиги тарабынан бөлүнгөн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпысынан конкурстун фонду 50 миң сом болду. Ошондо Гран Приге – 3000 сом, 1-орунга – 2500 сом, 2-орунга – 1500 сом, 3- орунга – 1000 сом берилди. Андан тышкары атайын призге 2000 сом бөлүндү.
Бул онлайн конференцияга төмөндөгү калыстар тобу күбө болушту:
1- Сулайманова Наргиза – «Нукура Бренд» мода үйүнүн жетекчиси;
2- Гулзат Саипова – «Гулзат Саипова» Мода үйүнүн жетекчиси;
3- Жылчиев Сатар – Ош технологиялык университетинин магистр-окутуучусу;
4- Джолдошова Айнура Будайыкановна – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин доценти, ХПИ кафедрасынын башчысы;
5- Исраилова Гулнур Абдыхапызовна – Кыргыз-Өзбек университетинин ага окуутуучусу;
6- Эсенбаева Гульсана Бараимовна – Ош шаарынын депутат айымы;
7- Айгерим Расул кызы – ырчы, жеке ишкер;
8- Улан Джалиев – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;
9- Талант Масеев – «Дастан стиль» ЖЧК, тигүү өндүрүшүнүн жетекчиси;
10- Төрөгелдиева Кимия Атыровна – Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу.
Калыстар тобу онлайн конференцияга катышып, студенттердин жумуштарын баалашып төмөндөгү жыйынтыкка ээ болушту.
«Шаардык стиль » номинациясы боюнча 19 студент катышып
Гран При «Конструктивизм» коллекциясы, автору Мурзакулова Нурмира, ОШ ш. КӨУ, ИКТ-16 тайпасы;
I – ОРУН «Валькирия» коллекциясы, автору Кривенко Алена, Бишкек ш., И.Раззаков атындагы КМТУ, ХПИ кафедрасы, ИКТ-16 тайпасы;
II – ОРУН « Гюзель» коллекциясы, автору Абдимиталипова Алина, ОШ ш. КӨУ, ИКТ-19 тайпасы;
III – ОРУН «RAIN BOW» коллекциясы, автору Тобокелова Нуриза, ОШ ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы.
«ВИРТУАЛДЫК ЖАШОО » номинациясы боюнча 7 студент катышып
Гран При «STOP PLEASE» коллекциясы, автору Медетбек кызы Элида, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
1-орун «ЖАН ДҮЙНӨ» коллекциясы, автору Киргизбаева Мээрим, ОШ ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
2-орун «MAPSOSA» коллекциясы, автору Улан кызы Каныкей, ОШ ш. ОшМУ, Искусство факультети;
3-орун «ЛЕЗВИЕ РОЗЫ» коллекциясы, автору Макситали кызы Тахмина, Ош ш. ОшТУ ТШИ-18 тайпасы.
«ЭТНО-МИКС» номинациясы боюнча 6 студент катышып
Гран При «НУКУРА БРЕНД» коллекциясы, автору Олжобай кызы Айпери, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
1-орун «DAMA DEL ESTE» коллекциясы, автору Дадажанова Умринсо, Ош ш. ОшТУ, ДО-19 тайпасы;
2-орун «ВОЗДУШНАЯ ЛЕГКОСТЬ» коллекциясы, автору Аширова Сымбат, ОШ ш. КӨУ, ИКТ-16 тайпасы;
3-орун «КАЙРА ЖАРАЛУУ» коллекциясы, автору Жанарбекова Сайкал, ОШ ш. Ж.АТАБАЕВ атындагы мектеби 11-класстын окуучусу.

« КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК» номинациясы боюнча 13 студент катышып
Гран При « НАТЮРМОРТ ЦВЕТОВ» автору Апазова Зулайка, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
1-орун «ОШУМДА ЖАЗ» автору Медетбек кызы Элида, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
2-орун « ШЫРДАК» автору Болотбек кызы Айымкан, ОШ ш. ОШТУ, ТШИ-18 тайпасы;
3-орун « КАВКАЗСКИЙ ПЛЕННИК» автору Саидова Муниса, ОШ ш. К-ӨУ, ДИЗ-17 тайпасы.

«САРКЕЧ ИЛЛЮСТРАЦИЯСЫ» Номинациясы боюнча 10 студент катышып
Гран При «OUTLAW » коллекциясы, автору Улан кызы Каныкей, ОШ ш. ОшМУ, Искусство факультети;
1-орун «БАСТЕТ » коллекциясы, автору Ашимова Сафина, Ош ш. № 20-Насыров атындагы мектебинин окуучусу;
2-орун «ВОЗРОЖДЕНИЕ » коллекциясы, автору Камчы кызы Айдана, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
3-орун «КАРТ-БЛАНШ» коллекциясы, автору Токторова Асема, Ош ш. ОшТУ, ДО-16 тайпасы;

«БҮГҮНКҮ ЭКОЛОГИЯ» номинациясы боюнча 9 студент катышып
Гран При «ЖАРАТЫЛЫШТЫН БУЛГАНЫШЫ. ТАЗА ЖАШОО» автору Жанарбекова Сайкал, Ош ш. Ж.Атабаева атындагы мектебинин 11-класстын окуучусу;
1-орун « ЖАН ДҮЙНӨНҮН ТАЗАЛЫГЫ» автору Абдилажан кызы Саламат, ОШ ш. ОШМУ, Индустриялык колледж, КР-1-18 тайпасы
2 –орун: « ЧЁРНАЯ ПАНТЕРА» автору Осмон кызы Жамал, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы;
3- орун:« УТРЕННЯЯ ЗАРЯ» АВТОРу Алмаз кызы Динара, Ош ш. ОшТУ, ИКТ-17 тайпасы.
ОшТУнун “Жеңил өнөр жайынын технологиясы” кафедрасы жалпысынан ОшТУнун ректору, профессор Абидов Абдыкадыр Омаровичке жана Илим бөлүмүнүн проректору Б.Н.Шамшиевге жана адистерине “Жаш дизайнер-2020” конкурсун уюштурууга жардам бергенине терең ыраазычылык билдирет.

Номинация “Бүгүнкү экология”

Номинация “Саркеч иллюстрация”

Номинация “Кол өнқрчүлүк дизайны”

Номинация “Виртуалдык жашоо”

Номинация “Этно-микс”

Номинация “Шаардык стиль”