ОшТУда «Кесипке багыттоо» максатында вебинар уюштурулду

2020-жылдын 6-май күнү Ош технологиялык университетинде Экономика жана башкаруу факультети тарабынан мектептердин жетекчилери, бүтүрүүчү окуучулары жана ата-энелери менен «Кесипке багыттоо» максатында вебинар өткөрүлдү.

Бул жолугушууга ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы баш болгон факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана окутуучулары, М. Адышев, Т.Отунчиев, В.Ленин, Т.Ташиев, А.Умарходжаева, К.Жээнбеков, И.Умаров, М.Алимов жана Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептеринин жетекчилери, ата-энелери жана бүтүрүүчү окуучулары катышты. Иш-чараны Экономика жана башкаруу факультетинин деканы физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Аамат Артыков ачып берди. Бул жолугушууда факультет тарабынан окуу жай тууралуу, андагы адистиктер, контракттык төлөмдөр жана ОшТУнун материалдык-техникалык базасы тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берилди. Анын ичинде факультеттин адистиктери, жетишкендиктери, материалдык-техникалык базасы, профессордук-окутуучулук курамы, окуу жана башка иштери боюнча да айтылып кетти. Окууга тапшырган абитуриенттердин окуу жайда билим алуу үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөндүгү тууралуу баса белгиленди. Бул жылы абитуриенттерди кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктары, кесип тандоо ж.б. маселелер кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.