ОшТУда «Кесипке багыттоо» максатында вебинар уюштурулду

2020-жылдын 10-май күнү Ош технологиялык университетинде Архитектура жана курулуш факультети тарабынан мектептердин жетекчилери, бүтүрүүчү окуучулары жана ата-энелери менен «Кесипке багыттоо» максатында вебинар өткөрүлдү.

Бул жолугушууга ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы баш болгон факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана окутуучулары, №82 Абилаз Эшматов, №69 Чынгыз Айтматов, №70 Ибрагим Кулбаев, Ноокат районунан Темиралиев, А.Парпиев, Келдибек Каримов, Режаб Хужамов, Беруний, Ош шаарынан Курманжан датка, №45 Н.Мирзаево, №31 Курманжан Датка, Алай районунан №33 Жаанбаев Сарбан, №35 Сатар Карыев, жана № 34 Амат Жээнбеков атындагы орто мектептеринин жетекчилери, ата-энелери жана бүтүрүүчү окуучулары катышты. Бул жолугушууда факультет тарабынан окуу жай тууралуу, андагы адистиктер, контракттык төлөмдөр жана ОшТУнун материалдык-техникалык базасы тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берилди. Анын ичинде факультеттин адистиктери, жетишкендиктери, профессордук-окутуучулук курамы, окуу иштери боюнча да айтылып кетти. Бул жылы абитуриенттерди кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр, мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдыктары, кесип тандоо ж.б. маселелер кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.