ОШТУДА ДОСТУК АЧЫК САБАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, окуу жайлар аралык ынтымакты бекемдөө максатында Ош технологиялык университетинин гуманитардык – технологиялык колледжи жана Кыргыз – өзбек университетинин кесиптик колледжинин студенттери үчүн онлайн достук ачык сабагы уюштурулду. Сабакка окуу департаментинин өкүлү жана эки тараптын бирикме жетекчилери, окутуучулары, студенттери катышышты.