ОшТУнун студенттери байгелүү орундарга ээ болушту

23 – апрель күнү «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата Кыргыз-Өзбек университетинин Инженердик технологиялык факультетинин КМжКДТ тарабынан уюштурулган “ONLINE MOДA 2020” жана “СҮРӨТ”  конкурсунда Ош технологиялык университетинин Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Жеңил өнөр жайынын технологиясы» кафедрасынын студенттери 48 мода коллекциялардын арасынан:

 

 

 

 

 

«Авангард» номинациясында ДО-18 тайпасынын студенти Туташева Луиза 1-орунга;

 

 

 

 

 

 

 

 

«Жаңы көз караш» номинациясында ИКТ-17 тайпасынын студенти Медетбек кызы Элида 1-орунга жана ДО-17 тайпасынын студенти 2-орунга;

 

 

 

 

 

 

 

«Чоң шаар стили» номинациясында ИКТ-17 тайпасынын студенти Пирматова Айжанат 3-орунга ээ болушту.

 

 

 

 

 

 

 

 

Сүрөт боюнча конкурста «Эне жана бала» номинациясында ТШИ-18 тайпасынын студенти Шумкарбек кызы Ырысбүбү “Өзгөчө сүрөт сыйлыгына” ээ болду.

Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

1-орун – 3000 сом;

2-орун – 2000 сом;

3-орун – 1000 сом;

Өзгөчө сыйлыктарга – 1000 сом;