ОшТУда Zoom тиркемеси аркылуу онлайн-конференция уюштурулду

29-апрель күнү Ош технологиялык университетинде «2020-жыл – Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында «Илим. Технологиялар. Инновациялар.» жаш илимпоздордун жана студенттердин III аймактык илимий-практикалык конференциясынын негизинде Экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө региондордун ички потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана изилдөө” аттуу Zoom тиркемеси аркылуу онлайн-конференция өткөрүлдү. Аталган конференцияны ОшТУнун Илим жана инновация боюнча проректору б.и.д., профессор Шамшиев Б. Н., Экономика жана башкаруу факультетинин деканы ф-м.и.к., профессор Артыков А.Ж. ачып берди. Конференцияда студенттер тарабынан актуалдуу темалар баяндалып, кызуу талкууларды жаратты.Жыйынтыгында 1-орунду Э(ФиК)-18 тайпасынын студенти Мадумарова Мадина, 2-орунду БИ-17 тайпасынын студенти Аамат уулу Самат ал эми 3-орунду ЛоГ-17 тайпасынын студенти Айтбай уулу Нурдин камсыз кылышты.